Бүгүн, 2-майга карата 13 адамдан коронавирус аныкталды, анын ичинде экөө медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Коронавирусту жуктуруп алган 2 медициналык кызматкерлер:
– Ош облусунда – 1,
– Жалал-Абад облусунда – 1 катталган.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны 200гө жетти. Алардын ичинен 122 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ