Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө 7 адам коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматтар боюнча, алардын ичинен экөө жаш бала, үчөө эне жана экөө медицина кызматкерлери.
Алардын айтымы боюнча гематология бөлүмүндө дарыланып келген бейтапта коронавирус табылган. Андан кийин, бардык бейтаптар, аларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер текшерилип, ПЧР-тест тапшырышкан.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптарды кабыл алуу жүргүзүлбөйт. Бирок ден-соолугунун начардыгынан улам, 13 бала ошол жерде медициналык жардам алууну улантышууда. Имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында 20 кызматкерге байкоо жүргүзүлүп, баардык медицина кызматкерлери жеке коргонуу шаймандары менен камсыз болушкан.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө коронавирус массалык түрдө аныкталганын айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ