Menu

Түркмөнстанда мисте терүүгө бараткан беш жоокер жол кырсыгынан каза болду

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Мары облусунда тоого мисте терүү үчүн бараткан жоокерлер жол кырсыгына кабылып, беш киши каза болду. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

«2-сентябрда Серхетабад шаарындагы чек ара бөлүгүнүн командири милдеттүү аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерди түркмөн-ооган чек арасындагы нейтралдык аймакка мисте терүүгө жөнөткөн. Жолдо 30дан ашык жоокер бараткан «Урал» автоунаасы оодарылып кетип, бир нече киши каза болду», — деп билдирди булак.

Анын айтымында, кырсыктан беш жоокер дароо көз жумуп, 27 аскер оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Чек арачылар Серхетабад шаарына жакын жердеги мисте өскөн аймакка жергиликтүү тургундарды өткөрүшпөйт. Айрым маалыматтар боюнча, командир жоокерлерди жетекчиси үчүн мисте терип келүүгө жөнөткөн», — деди булак.

Türkmen.news сайты бул жол кырсыгынан 11 жоокер каза болгонун жазды. Басылманын маалыматына караганда, кырсык «айдоочунун рулду башкара албай калгандыгынан» же «автоунаанын бузулушунан» улам болгон деген эки версия айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: