Menu

Фото – Кыргызстандын Өзбекстанга жардамы тапшырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майда Сырдарья облусунун Янгиер темир жол станциясында Сардобин суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан жабыркаган Өзбекстан Республикасынын калкы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун демилгеси менен жиберилген Кыргыз Республикасынын гуманитардык жүгүн тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов, Өзбекстан Республикасынын Сырдарья облусунун хокими Гофуржон Мирзаев,  хокимияттын өкүлдөрү, облустук ММК жана облустун аксакалдары катышты.

Аземдин алкагында өзбек тарапка 1000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы тапшырылды.

Өз сөзүндө Элчи Ибрагим Жунусов оор учурларда Кыргызстандын жана Өзбекстандын элдери ар дайым бири – бирине  боордош жардам колун сунушканын белгилеп, тапшырылып жаткан жардам оор мезгилде  Өзбекстанга колдоо болот деген үмүтүн билдирди. Ошондой эле Элчи  кырсыктан кийин тезирээк калыбына келүүнү каалады.

Өз кезегидне, Сырдарья облусунун хокими Гофуржон Мирзаев  Сардобин суу сактагычындагы өзгөчө кырдаалдан жабыркаган Өзбекстан Республикасынын калкына жөнөтүлгөң гуманитардык жардамы үчүн мамлекеттин жетекчилигине жана боордош Кыргызстан элине терең ыраазычылык билдирди.

 

     

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: