Бүгүн, 15-майда Бишкектеги балдар ооруканасынын гематология бөлүмүнүн эки кызматкери коронавирустан айыгып, инфекциялык ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу борбордун директору Камчыбек Узакбаев ММКларга маалымдады.
Анын айтымы боюнча, алар бейтап баланын энесинен вирусту жуктуруп алып, 2-майда ооруканага жаткырылган. Аларда оорунун клиникалык белгилери байкалган эмес.
“Кечээ анализдердин жыйынтыктары терс натыйжа көрсөткөн. Бүгүн саат 16:00дө медициналык кызматкерлер ооруканадан чыгарылды” – дейт Камчыбек Узакбаев.
Белгилей кетсек, Бишкектеги балдар ооруканасынын гематология бөлүмүндө алгач 7 адам: экөө жаш бала, үчөө эне жана экөө медицина кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган. Коронавируска чалдыккан алгачкы медициналык кызматкерлер айыгып, бүгүн ооруканадан чыгарылды.
Андан кийин дагы ооруканада медкызматкерлердин арасында вирусту жуктуруп алуунун учурлары катталган. Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тогуз медкызматкер коронавируска чалдыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ