Саламаттыкты сактоо министрлиги курсагындагы баласы чарчап калган кош бойлуу аялды Бишкектин төрөтканалары кабыл албай, баш тарткандыгы тууралуу ички териштирүү жүргүздү. Бүгүн, 16-майда министрликтин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча фактылар жарым-жартылай такталгандыгын билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Бишкек шаардык перинаталдык борбордун, №1 шаардык төрөт үйүнүн, № 13 шаардык гинекологиялык оорукананын башчыларына дисциплинардык чаралар көрүлөт.
Буга чейин социалдык тармактарда курсагында баласы чарчап калган келинди төрөтканалар кабыл албай жатканы тууралуу маалымат тараган.
14-майда Саламаттыкты сактоо министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин өкмөттүк онлайн-брифингде, 13-майда 1982-жылы туулган А.Э. шаардык перинаталдык борбордо кабыл алынып, бала өлүк төрөлгөнүн айткан. Ошондой эле, министрлик бул ишти иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөнүн билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ