Бүгүн, 21-майда депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин трибунасынан сөз сүйлөп, 25-майда депутаттык мандатын тапшыра турганын жарыялады.
Ал ошондой эле, өкмөттүн мүчөсү да болгондуктан, өлкөдөгү кырдаалга жооптуу экендигин белгиледи.
“Өлкөнү оор акыбалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Менин да жоопкерчилигим бар да. Себеби, мен сунуштаган мыйзам долбоорун же башка сунуштарды жеткире албадым, талап кылып ишке ашыра албадым. Ошондуктан депутаттык мандатты 25-майда тапшыра турган чечимге келдим” – деди депутат.
“Ушул жаңылык менен бөлүшкүм келди. Жумугъшта ар кандай болот. Айрыкча, чыр болгон жерде, Жогорку Кеңеш чыр боло турган жер, ушул жерде ар кандай сөздөр болот. Бири-бирибизге катуу сүйлөп, таарынтып коюшубуз мүмкүн. Бирок, кандай болсо дагы, ушул залда болгон чыр, ушул жерде калышы керек” – деди Исхак Масалиев.
“Сиздер менен 4,5 жыл чогуу иштегеним үчүн ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздер менен сый мамилени сактаганга аракет кылдым. Эгерде, менден кетсе таарынбаңыздар” – деп залда отурган кесиптештерине кайрылды.
Төрага Дастан Жумабеков бүгүн И.Масалиевдин туулган күнү экендигин айтып, аны 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ