Кыргызстанда коронавирус илдети башталгандан бери мыйзам бузган жарандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов онлайн-брифинг учурунда билдирди.
“Бүгүнкү күндө 98 адамдын ичинен 44 жаран үй карантин эрежесин бузган. Аларга жалпы 129 миң сом айып салынган. Учурда анын 45 миң сому өндүрүлдү. Өзгөчө абал эрежесин сактабаган 9 жаран жоопко тартылса, 5 жаран санитардык эрежени бузган. Ал эми 28 жаран чектөө киргизилген аймактар боюнча жоопко тартылууда. Санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузган 11 жаранга кылмыш иши козголсо, бир адам коронавирусту жашырганы боюнча айыпталууда. Жалпысынан 98 жаран жоопко тартылууда”, – деп билдирди Каниметов
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ