Бишкекте 5 айдоочуга санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, санитардык патрулдун инспекторлору 88 коомдук унааны текшеришкен. Жыйынтыгында 5 айдоочуга айып пул салынды.
“Кээ бир айдоочулар бет кап режимин жана социалдык аралыкты сактаган эмес. Салондун ичи кир болуп, санитайзерлер орнотулган эмес”- деп айтылат маалыматта.
Санитардык эрежелерди бузган айдоочуларга Бузуулар жөнүндө кодексинин 150-беренесине ылайык, протокол түзүлүп, ар бирине 1000 сомдон айып салынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ