Menu

Толкуп жаткан Тогуз-Торого ИИМ 200 дөн ашуун куралданган СОБРдун аскерлерин алып барды

Бөлүшүү:

Кечээ, Тогуз – Торого  ИИМ башчысы Улан Исраиловдун тапшырмасы менен Жалал-Абад облусунун ИИБ башчысы Акылбек Мамасейитов 200 дөн ашуун куралданган СОБРдун коштоосунда барганы айтылууда. ИИМ башчылары бул кылыгы менен тынч турган элдин кыжырына тийди. Ансыз деле кыжыры келип турган, жаалданган элге мындай коркутуп-үркүтүүнүн кереги жок эле. ИИМ башчылары мындай ашыкча кадамдары менен бир балээнин үстүнөн чыгышы мүмкүн. Айрым маалыматтарга таянсак, бул алтын кендердин үзгүлтүксүз иштешине ИИМ орун басары Данияр Абдыкаров жана Жалал-Абад облустук ИИБ башчысы Акылбек Мамасейитовдун кызыкчылыгы бар экени айтылып жүрөт. Ал эми ИИМ орун басары Абдыкаровдун дарегине айтылган бул сөз чындыкка дал келип турат. Жакында эле “Азия ньюс” гезитине бул жетекчинин бир топ ишканалардан “доля” алып жатканы тууралуу далилдүү маалымат чыкпадыбы? Демек, “жел болбосо, дарактын учу шуудурабастыр”.

Эске сала кетсек, Тогуз-Торо эли бул аймактагы алтын кендердин иштөөсүнө каршылык билдирип, митингдерди уюуштуруп жатат. Жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков карапайым калктын талабын эске алуу менен, ал жердеги алтындын казылуусун токтотуп, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүүнү буйруган. Мындан тышкары Жалал-Абад облус губернаторуна, Тогуз-Торо районунун акимине эл менен жолугуп, түшүндүрүү тапшырмасын берген. Бүгүн, Облус жетекчилиги эл менен жолуугуга бармак, алардын коопсуздугун коргойбуз деп, ИИМ элди толкутуп койду. Бул жерде ИИМ жетекчилиги Өкмөт башчы Сапар Исаковдун атына, облус жетекчилигинин атына кир келтирди. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен жөн гана эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү болгон облус жетекчилигин ИИМдин чаласабат жетекчилери үзгүлтүккө учуратып коюшу ыктымал. Булардын бул кылыгынын айынан эл менен кагылышуу болуп кетпесе эле болгону.

Токтораалы Тажибеков,

Тогуз-Торо району

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: