Депутат Аалы Карашев акыркы 3 жылдагы Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү канча экенин сурады. Бүл тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы банктын кирешеси 2 миллиард 300 миллион, 2018-жылы 2 миллиард 103 миллион, 2019-жылы 2 миллиард 565 миллион сом болгонун билдирди. Ошондой эле, ал мыйзам боюнча Улуттук банктын киреше табуу максаты жок экенин белгилеп өттү.
“Улуттук валютанын туруктуулугун кармап туруу – чоң искусство. Азыр болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өлкөдө кризис болуп жатат. Азыр ар бир тыйындын баасы көзөмөлдө. Ошондуктан, Улуттук банктын 2019-жылдагы пайдасынын киреше бөлүгүн толугу менен бюджетке өткөрүп берүү демилгесин колдошубуз керек”, – деп билдирди депутат Аалы Карашев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ