Menu

Фото – Ош шаарынын тазалыгы үчүн “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына 12 жаңы атайын техникалар тапшырылды

Бөлүшүү:

Ош шаарынын тазалыгы үчүн 12 жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу кечээ, 3-июнда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына 12 атайын техниканын ачкычын тапшырган. Жаңы 12 атайын техника Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун алкагында алынган.

Мындан тышкары мэр шаардын тазалыгы үчүн “Ош-Тазалык” ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айткан.

“Тазалык ишканасында атайын техникалардын саны жетишсиз. Андыктан булардын техникалык базасын толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы. Ошондуктан өткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 30 млн. сом бөлүнүп, жалпысынан 14 атайын техникалар сатып алынган. Ошондой эле быйыл дагы 13 млн сом акча каражаты каралып, жаз-жай мезгилинде жолдорду суу сээп жууп, кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн 4 даана атайын техникаларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, жеңүүчү менен келишим түзүлдү. Буюрса бул техникалар да июль айында алынып келет. Баарыбызга белгилүү болгондой учурда Ош шаарында катуу таштандыларды чыгарууну жакшыртуу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 10 млн. Еврону түзүп, анын 50 пайызы банк тарабынан кредит катары, ал эми 50 пайызы грант катары Европа биримдиги тарабынан берилет. Бүгүнкү күнгө чейин долбоордун алкагында 41,2 миң Евро акча каражатына сыйымдуулугу 8 м3 болгон 32 даана контейнер алынып келип, учурда иштетилип жатат. Андан тышкары сыйымдуулугу 1,1 м3 болгон 1136 даана контейнерлерди сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, 2020-жылдын 7-майында жеңүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде июнь айынын аягына чейин биринчи партиясынын келиши күтүлүүдө. Долбоордун алкагындагы дагы бир компонент – таштандыларды ташуучу атайын техникаларды сатып алууга 1,9 млн. Евро каралып, бүгүн сиздер көрүп турган 12 даана атайын автоунаалар 545,0 миң Евро акча каражатына алынып келди. Ал эми калган 1,4 млн. Евро акча каражатына сыйымдуулугу 16 м3 болгон дагы 12 даана атайын автоунааларды сатып алуу үчүн июнь айынын аягына чейин банк тарабынан тендер жарыяланмакчы”,-деди шаар мэри Т. Сарыбашов.

Ошондой эле бул долбоордун алкагында жаңы санитардык полигонду куруу, шаардын аймагында контейнерлер жайгашкан жерлерди жана ишкананын гаражын оңдоо пландаштырылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: