Анжиян облустук соту үйүнүн түрттүрүлүшүнө нааразылык билдирип, өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды 669 миң сум (60 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирип, 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу өзбек басылмалары кабарлашты.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун 6-июнь күнү кечинде шаардагы жол чырактар орнотулган мамылардын бирине чыгып, акимдин келишин талап кылган. Болбосо секирип, өз жанын кыя турганын айткан.
Соттон билдиришкендей, айыпталуучу мас абалында коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын бузуп, өз жанын кыюуга аракет кылган. Мындан тышкары ал окуя болгон жерге барган укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарган эмес.
Соттолуучу мындай кадамга үйү түрттүрүлө тургандыгы жөнүндө кабар алгандан кийин барганы айтылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ