Бишкек шаарындагы “Орто-Сай” баразы карантинге жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык суроолор боюнча отурумунда вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун симптому менен кайрылган бир нече адам бар. Алар буга чейин аталган базарга барганын айтышкан.
Ошондой эле базарда иштеген кызматкерлердин айтуусу боюнча, аталган жерде эки күн дезинфекция иштери жүргүзүлөт. Андан кийин базар мурдагыдай режимде иштей баштайт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2055. Алардын ичинен 1483 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Ал эми каза болгондордун саны 24.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ