Бүгүн, 22-июнга карата Кыргызстанда дагы 205 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 82, Чүй облусунан – 33, Ош шаарынан – 25, Ош облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 8, Талас облусунан – 19, Нарын облусунан – 6 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3356га жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 233 адам;
– Ош облусунда — 342 адам;
– Ош шаарында — 362 адам;
– Бишкек шаарында— 1148 адам;
– Нарын облусунда — 450 адам;
– Чүй облусунда — 445 адам,
– Баткен облусунда — 43 адам;
– Талас облусунда – 33 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 60 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 10 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2021ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 3 адам; Чүй облусунан – 1 адам, Ош шаарынан – 1 адам; Талас облусунан – 3 адам, Нарын облусунан – 2.
Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, өткөн суткада 3 бейтап каза болгон.
“Кыргыз-түрк ооруканасынан 1952-жылы төрөлгөн аял киши, Талас аймактык ооруканасынан 1952-жылы туулган эркек киши, Нокен аймактык ооруканасынан 1960-жылы туулган аял. Туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз” – деп билдирди министр.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 40ка жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ