Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды.
Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытай Эл Республикасынан кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргыз Республикасына жеткирүү үчүн бөлүндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ