Menu

Баткендин чоң энелери. Эмгек мигранттарынын балдарын кимдер тарбиялайт?

Бөлүшүү:

Ички жана тышкы миграция боюнча биринчи орунда Баткен облусу турат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, аймактын жашоочулары кирешелеринин 31,5 пайызын республикадан тышкары жакта иштеп табышат. Эгерде мигранттардын акча которууларын алып салсак, Баткендеги жакырчылыктын деңгээли дароо 33,8 пайыздан 54кө чейин көтөрүлөт.

Бул аймакта мигранттардын бүтүндөй мууну өсүп чыккан. Ата-энелер бир убакта өлкөдөн тышкары жерлерде иштеп келишсе, эми алардын кыздары жана уулдары балдарын таштап, чет өлкөгө иштегени кетип жатышат. Жергиликтүү тургундар акыркы жылдары миграция агымы азайганын, бирок айрым айылдарда чет жакка иштеп кеткендер кездеше турганын, жашы жете элек балдар чоң ата, чоң энесинин колунда калгандыгын айтышты.

24.kg басылмасынын журналисти жумушсуздуктун жана социалдык коопсуздуктун жүгүн өз мойнуна алган Баткен шаарынын тургундары менен баарлашты.

Мигранттардын мууну.

Турсунай Калманбетова жаш кезинде балдарын таштап, Москвада иштеген. Кенжелерин анын улуу кызы караган. Ал башка классташтары сыяктуу эле, үйдө апасынын да, атасынын да ордунда болгон: тамак жасап, үй ыйнап, кир жууп, бир туугандарына кам көргөн. Баткен мектептеринде мигранттардын балдарына ар дайым түшүнүү менен мамиле кылышкан. Үй-бүлөдөгү улуу балдар акыркы сабактардан бошотулушкан, анткени андан кичүү бир туугандары мектептен келгиче нан бышырыш керек болчу.

Турсунай Калманбетова эмгек миграциясынан кыздарын турмушка узатып, уулун үйлөнтүүгө убакыт келгенде кайтып келди. Эми анын төрт баласынын үчөөсү неберелерин таштап, чет жакка жумушка кетишти. Ал эми азыр улуу кызы менен уулунун балдарын карап жатат. Эң кичүүсү азырынча үйлөнө элек. Анын карамагында төрт: эки мектеп окуучусу (6- жана 2-класстын окуучулары), алты жана үч жаштагы небериси бар.

“Эң кичүү неберем дээрлик бир жашынан бери мени менен жашайт. Ал мага көнүп калган, бирок, албетте, ата-энесин сагынат. Кээде сагынганда таарынып, алар менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн баш тартат. Анан бир-эки күндөн кийин ата-энесин чакырууну өтүнөт”, – дейт Турсунай Калманбетова.

Турсунай Калманбетова эң кичүү неберелери бала бакчага барганын айтты. Бирок  баасы кымбат болгондуктан бала бакчага барбай калышкан.

“Балдардын ата-энелеринин акчаларын сарптабай топтогонубуз жакшы, анткени алар үй куруу үчүн акчаны тезирээк чогултушу керек, ошондо алар балдарына кайтып келишет”, – дейт Турсунай эже.

Турсунай Калманбетова жаш курагына жана балдарга кам көргөнүнө карабастан, үйдө ишсиз отурбайт. Ал “Шайыр апалар” элдик чыгармачыл тобунун мүчөсү. Ошондой эле, айылдагы бир нече аялдар биригип, төшөк, жууркан төшөп сатышат.

Баса, “Шайыр апалар” тобу көптөгөн республикалык сынактарга жана фестивалдарга катышып келет. Бул кол өнөрчүлөр үчүн күнүмдүк түйшүктөн кутулуунун бир жолу. Алардын дээрлик бардыгы ата-энеси борбор калаада же чет өлкөлөрдө иштеген неберелерин карашат.

Ырдоо, бийлөө, региондорду кыдыруу – баткендик аялдардын эс алуусу. Топтун айрым мүчөлөрү неберелерин ээрчитип алышат, анткени аларды карай турган эч ким жок.

“Шайыр апалардын” дагы бир катышуучусу, 58 жаштагы Канышай эже беш неберени тарбиялап жатат. Улуу уулу үч кызын, кичүү баласы эки уулун тапшырып кеткен. Эң кичүү небереси эки жашта.

“Менин неберелеримдин бардыгы жакшы окушат. Быйыл аларды орус тилдүү мектепке котордум. Эгерде алар күтүлбөгөн жерден ата-энелерине кетип калышса, анда Россияда тил жагынан кыйналбашы үчүн”, – дейт Канышай эже.

“Эки уулум тең орто мектепти аяктаган, жогорку билимдүү. Баткен районунда жумушка орношушкан, бирок айлык маянасы аз болчу. Алар жер тилкесин алып, үй куруп, өзүнчө жашаш керек да. Айлык маянасы тамак-ашка жана кийим-кечеге эле жетчү. Ошондуктан, балдар чет жакка иштеп кетүүгө аргасыз болушкан”, – дейт ал.

Лейлек районунун Тогуз-Булак айылынын тургуну Эркинай Ботоева дагы ата-энесиз калган эки неберени тарбиялап жатат.

Анын айтымында, Баткенде абдан миграция күчөп жатат. Бүткүл айылдын ичинен Сүлүктү көмүр кенинде бир нече гана эркек иштейт. Бул жерде башка жумуш жок. Ошондуктан калгандары Бишкекке же Россияга кетүүгө аргасыз болушат. Эркинай Ботоева жети баланы тарбиялап өстүргөн.

“Эми кезек неберелерди тарбиялоо”, – дейт ал.

“Тун уулу жана кыздарынын бири Россияга үй-бүлөсү менен кеткен. Кичүү уулум дагы Россияда иштеп жүргөн, депортацияланган. Кайра келип үйлөнгөн. Эми аялы менен кайра барат. Келиним кош бойлуу, төрөгөндөн кийин мага дагы баласын таштап кетиши мүмкүн. Эч нерсе эмес, үчүнчү неберемди да тарбиялап берем”, – деди Эркинай эже.

Ал эми Саиповдордун үй-бүлөсү неберелерине кам көрбөйт, бирок алардын келечеги үчүн киреше алып келчү бизнести даярдап жатышат. Абдуразак Саипов чет өлкөдөн балдар жиберген акчаны чогултуп, чакан күнөскана курган.

“Жубайым экөөбүз жалгыз жашайбыз. Балдардын жана неберелердин бардыгы Орусияга кетип калышкан. Алар бизге акча жөнөтүшөт, биз бул каражаттарды кортпой, үнөмдөп чогултууну чечтик. Балдар кайтып келгенден кийин бир иш менен алектенчү бир нерсе курууну чечтик”, – дейт пенсионер.

Лейлек районунун Миң-Жыгач айылы дыйканчылыкка анча ыңгайлуу эмес, андыктан бул жерде мал чарбачылыгына басым жасалат. Бирок бул 70 жаштагы Абдуразак Саипов жана анын жубайы үчүн тоскоол болгон жок. Күнөскана төртүнчү жыл иштеп жатат. Бул убакыт аралыгында Саиповдор үй бүлөсү лимон, банан жана мандариндин көчөттөрүн өстүрүштү. Алар жер-жемиштерди регионалдык рынокко гана эмес, коңшуларга, Тажикстанга жана Өзбекстанга жөнөтүүгө камданып жатышат. Каалоочулар лимондун жана банандын көчөттөрүн гана эмес, ар кандай гүлдөрдү жана жашылчаларды дагы сатып ала алышат.

Абдуразак Саипов жубайы экөө балдарынын миграциядан келишин күтүп, бизнесин акырындык менен өнүктүрүп жатышат.

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: