Menu

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова реалдуу убакыт режиминде ооруканалардагы орундар фонду боюнча кырдаалды чагылдыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү тууралуу кеңешме өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова реалдуу убакыт режиминде ооруканалардагы орундар фонду боюнча кырдаалды чагылдыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү тууралуу кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов, саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жанузаков, Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору Бахтыяр Станбеков жана Ыктыярдуу жардам координациялык кеңешинин өкүлү Эльдар Шабданов катышты.

Жолугушуунун катышуучулары өз убактысында госпиталдаштырууну камсыздоо үчүн реалдуу убакыт режиминде койкалык фонд боюнча учурдагы абалды чагылдыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү маселесин талкуулады.

Мындан тышкары, COVID-19 каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү электрондук базасын түзүү маселеси каралды, анда эпидемияга каршы күрөшүү муктаждыктары жана волонтердук кыймылдын мүмкүнчүлүктөрүн кошуп караганда, бардык маанилүү аспектилер камтылат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган долбоорлорду кыска мөөнөттө ишке ашыруу тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: