Бүгүн, 4-июлга карата Кыргызстанда дагы 327 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 149, Чүй облусунан – 65, Ош шаарынан – 45, Ош облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 17, Жалал-Абад облусунан – 8, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 22, Баткен облусунан – 12 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 7094кө жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 416 адам;
– Ош облусунда — 517 адам;
– Ош шаарында — 756 адам;
– Бишкек шаарында— 2882 адам;
– Нарын облусунда — 528 адам;
– Чүй облусунда — 1354 адам,
– Баткен облусунда — 139 адам;
– Талас облусунда – 81 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 181 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 59 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 2714кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 37 адам; Чүй облусунан – 3 адам, Ош облусунан – 2, Ош шаарынан – 5, Баткен облусунан – 2 адам, Нарын облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 7, Талас облусунан – 1 адам, Ысык-Көл облусунан – 1.
Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 65 жаштагы эркек киши, Ноокат аймактык ооруканасынан – 74 жаштагы эркек киши.
Жалпы каза болгондордун саны 78ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ