Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 18-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү соттору мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулду: Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
— Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович;
— Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовна;
— Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбекович;
— Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ