Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана Беларустун Премьер-министри Роман Головченко кызматташтык маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

«Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерине чоң маани берет. Тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана аны мындан ары активдештирүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине ишенем», – деп билдирди Өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов жолугушуу учурунда беларусиялык өндүрүштөгү зарыл болгон дары каражаттарын ташууга Кыргыз Республикасы кызыкдар экенине басым жасады.

Жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында ишке ашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: