Menu

Өзгөндө сел жүрүүчү аймакка мектеп курушкан

Бөлүшүү:

Өзгөн районундагы Аюу кыштагындагы сел коркунучу бар аймакка мектеп салышкан. Ошондуктан, Башкы прокуратура жаңы мектептин курулуш-монтаждоо иштерин токтотту.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Зергер айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери бул жерде мектеп курууга бир гектар жер ажыратышкан. Мында Санэпидбекетинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн, Электр түйүндөрү ишканасынын жооптуу кызматкерлери акт түзүшүп, оң корутунду берип ташташкан. Тилекке карты, мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин макулдугу алынган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук бөлүмүнүн соцку корутундусуна ылайык мектеп курулган аймакта жер көчкү коркунучу бар. Ошого карабастан, аталган мектепти курууга мамлекеттик бюджеттен 7 миллион

470 миң сом ажыратылган. Бул фактылардын негизинде Өзгөн райондук прокуратурасы “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөө кызыды.

Эске салчу жагдай: 2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 24 адам каза тапкан. Мунун айынан айылда курулуп жаткан мектептин дагы курулуш-монтаждоо иштери толук бойдон токтотулган. Анткени, мектептин келечеги жок эле. Ошол себептүү мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: