Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарынын тургуну бир нече манжаларынан айрылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Заводская көчөсүнүн 2001-жылы туулган тургуну электр мясорубкада тыгылып калган колун сууруп алууну өтүндү. Окуя болгон жерге №23 отрядынын куткаруучулары барышкан.
Күбөлөрдүн айтымында, коопсуздук нормаларын сактабагандыктан, жигиттин колу эт менен бирге мясорубкага тартылган.
“Техника кандай болбосун, коопсуздук чараларын сактоо керек. Бул жигит этти атайын шайман менен эмес, колу менен жылдырган. Келген куткаруучулар мясорубканы артка айландырып, колун чыгарып алышкан. Жигит манжаларынан айрылды. Ал ооруканага жеткирилген”, – дешти алар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ