Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйында талкууланган Европа союзунун Кыргыз Республикасына берген ВСП+ макамынын ээфективдүүлүгү тууралуу көтөрүлгөн маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын расмий статистикасына ылайык, 2016-жылдын 11 айынынын жыйынтыгы боюнча ВСП+ жеңилдетилген макамынын артыкчылыктарын колдонуунун алкагында Кыргызстандын 50 ата мекендик өндүрүшчүлөрү Европа биримдигине кирген өлкөлөргө 68 млн АКШ доллардык товар экспорттоого жетишти.
Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин берген маалыматына ылайык, экпорттолгон жалпы товардын 30% төө буурчак, 23% этно кийимдер, бал, жаңгак, кургатылган мөмө жемиштер, 9% козу карын түзөт.
Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте, Европа биримдигинин рыногу ата мекендик продукцияларды киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыгууда.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 2016-жылдын 27-январында, Европа биримдигине кирген өлкөлөргө 6 миңден ашык товарлардын түрүн кошумча төлөмсүз ташуу боюнча ВПС+ артыкчылыктуу макамын алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ