Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан кетти. Бул маалыматты журналисттерге ал өзү тастыктады.
Маалыматка ылайык, кызматтан кетүү тууралуу арызды кечээ, 20-августта жазып, кол койгон. Анын айтымында, ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышууну пландап жатат. Ал Тоң районунун шайлоочулары менен иштешет.
30-июлда, ал вице-мэр болуп турганда, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо фондуна 35 миң сом которгон.
Мирлан Амантуров 2007-жылы “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын башчысы, ал эми 2019-жылы шаардын вице-мэри болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ