Каракол шаардык соту мас абалындагы жаранды өгөй баласын өлтүрүүгө аракет кылган деп, 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-майында эртең менен мас абалдагы Д.Г. жашы жете элек өгөй баласы менен урушуп кеткен. Кайым айтышуу учурунда ал адам өспүрүм балага бычак сайган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жашы жете элек баланын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирилген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси (“Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү”) менен катталган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.
22-июнда сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 110 миң сом айып пул менен 8 жылга эркинен ажыраткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ