Долон ашуусунда “Volvo” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, кечээ, 17-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-чакырымында (Кочкор районунда) жүк ташуучу унаанына айдоочусу рулду башкара албай, натыйжада жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен эки адам жаракат алган. Аларды ӨКМдин куткаруучулары келгенге чейин Кочкор райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ