Талас облусунун Манас районунда мындай учурлар көп болуп, арыздангандар четинен чыгууда. Көрсө, 2019-жылдын 1-январынан тартып, пенсия берүү милдетин салык инспекциясына өткөрүп берип коюшкан. Натыйжада маалыматтар убагында берилбей, акча берүү кармала берген.
Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиев түшүндүргөндөй, азыр ишканалар пенсия алгандар боюнча маалыматты салык кызматына жөнөтүп туруш керек. Ал эми салыкчылар Соцфонд башкармалыгына маалымат берип турушат. Ушундай абалдан көйгөй жаралып, пенсионерлер убагында акчасын албай калып жатышыптыр.
Азыр Соцфонд 72 миң пенсионердин салык маалыматын күтүп жаткан кербези экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ