Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Бишкек – Ош унаа жолунун 601-чакырымында (Шоро-Башат айылы) Hyundai Porter унаасы Daewoo Lanos унаасын артынан келип сүзгөн. Натыйжада Daewoo Lanos өрттөнгөн.
Жол кырсыгынан беш адам жабыркады. Алар аймактык ооруканага жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ