Ысык-Ата РИИБнин башчысынын катышуусунда жарыяланган видео боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
“ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан толук жана объективдүү текшерүү үчүн ички иликтөө жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет” – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда өзүнүн кол алдындагы кызматкерин сөгүп жаткан Ысык-Ата РИИБнин башчысынын видеосу жарыяланган.
https://www.instagram.com/p/CFY0Fglj8v6/?utm_source=ig_embed&utm_campaign=embed_video_watch_again
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ