Кыргызстандык Карина Амринова “Ты супер!” музыкалык сынагында өз өнөрүн тартуулады. Кыз кийинки турга кире алган жок, бирок ал өзүнүн вокалын улантууну көздөп жатат.
18 жаштагы Карина америкалык ырчы Мэрайя Кэринин “Without You” ырын ырдады. Көрүүчүлөргө анын аткаруусу жакты, бирок кыз сынактан чыгып кетти. Сынактан кийин ал ыр жазып, социалдык тармактарга жарыялоону пландап жаткандыгын айтты. Кыргызстандык кыз кийинки сезонго катышып, такыр башкача дем менен келем деп убада берди.
“Ты супер!” – НТВ каналынын масштабдуу долбоору. Сынактын катышуучулары – КМШ өлкөлөрүнөн келген, ата-энесинин камкордугусуз калган жана вокалдык таланты бар балдар.
https://www.youtube.com/watch?v=rFwAQuy1Dko
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ