Ош шаарында белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов тастыктады.
Анын айтымында, кечээ, 30-сентябрда Ош шаарынын тургуну милицияга кайрылып, А.Масалиев проспектисиндеги «Алыш» спорт комплексинин жанында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгын айткан.
«Белгисиз адамдын жансыз денеси саат 11:30 чамасында табылды. Ал Алай районунун 1969-жылы туулган тургуну А.П.
Экспертиза анын денесинен зордук-зомбулуктун изин тапкан жок. Туугандары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты. Алар сөөктү Алайга алып кетишти», – деди Тавакалов.
Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон адам спирт ичимдиктерин ичип жүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ