Шайлоо күнү, 4-октябрда Кыргызстандын шайлоо тутумунун негизги принциптерин – ачык-айкындуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу үчүн БШК пресс-борбордун ишин уюштурат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, ар бир 2 саат сайын спикерлер шайлоо процесстеринин жүрүшү, анын ичинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушат.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган шайлоого 16 партия катышат. Ал эми шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 554.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ