Кечээ, 2-октябрда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасына ылайык облус аймагында мечиттер дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дезинфекциялоо иши облустук Санэпидемия борборунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Акыркы маалыматтар боюнча Баткен шаарында 3, Сүлүктүдө 2, Лейлек районунда 3, Кадамжай районунда 14 мечит дезинфекцияланды.
Облус аймагындагы дезинфекциялоо иш-чарасы казыяттын иш башкарма адиси Абдусатттар ажы Жакыповдун тарабынан көзөмөлгө алынган.
“Кыска убакыттын ичинде облустун аймагындагы бардык мечиттерди толук дезинфекциялап, кылдаттык менен көңүл буруп жатабыз. Мындан тышкары ар бир мечиттин имамына санитардык талаптарды так сактоодо тийиштүү тапшырмаларды бергенбиз”,- дейт Абдусатттар ажы Жакыпов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ