Кадамжай районунда жеңил автоунаа каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай районунда кечээ, 8-октябрь күнү саат 17:22де Халмион айыл аймагынын Гүлдөрөмө айылындагы Нургазиев каналына “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен.
Жерине КР ӨКМнин №76 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унааны суудан чыгарууга жардам беришкен.
Кырсыктан жабыркаган адамдар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ