Бишкек шаардык соту Пакистандын жаранына карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Биринчи Май райондук соту Пакистандын 48 жаштагы жараны А.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) жана 360-беренеси (Документти, мөөрдү же штампты уурдоо) боюнча айыптуу деп табылды.
Ал үч жылга эркинен ажыратылып, 50000 сом айыпка жыгылды.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын март айында соттолуучу мекендеши Пакистан жараны К.И.га виза, айдоочулук күбөлүгүн алып, жумушка орноштурууга убада берген. Ал мекендешинен паспортун жана 4000 доллар алган.
Бирок ал жаран убадасын аткарбастан, жабырлануучудан качып, акчасын да, документин да кайтарып бербей, таптакыр жоголуп кеткен.
Ал эми айыпталуучунун айтымында, 2019-жылдын март айында А.М. жердешине жардам бергиси келип, визасын узартууну өтүндү. Экинчиси буга макул болду. Жабырлануучунун 4000 долларын жана паспортун алып, документтерин жана акчаларын досуна өткөрүп берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ