Menu

Видео – Европа дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту

Бөлүшүү:

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү/Европа Комиссиясынын вице-президенти Федерика Могерини бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

Алар өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген прогрессти белгилешти, ал ЕБ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы  эки тараптуу мамилелерди чыңдап, ошондой эле жаңы чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүлөрдү кеңейтет.

ЕБнин Жогорку өкүлү менен Кыргызстандын Президенти республикада болуп жаткан соңку окуяларга жана өзүнө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин айкын жана маанилүү жакшырышын камтыган региондогу кырдаалдын дурус динамикасын, ошондой эле чыңдалып бара жаткан региондук кызматташтыкка токтолушту. Федерика Могерини мурда эле бул маселелерди 2018-жылы марттын аягында Афганистан боюнча Ташкент конференциясынын айдыңында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен талкуулаган.

Кыргыз Республикасынын Президенти ЕБдин Жогорку өкүлүнө өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү өзүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди. Федерика Могерини ЕБ демократияны чыңдоодо, сот системасынын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууда, укуктун үстөмдүгүн күчөтүүдө, ошондой эле республиканын экономикалык туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда Кыргызстандын бийликтерин колдой тургандыгын дагы бир жолу ырастады.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: