Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулушат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Күн тартиби белгисиз. Болжолдуу түрдө, эл өкүлдөрү өзгөчө кырдаалды киргизүү боюнча президенттин жарлыгын жактырып, премьер-министрдин кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин дагы бир жолу карашат. Айрым парламентарийлердин айтымында, алар дагы Жогорку Кеңештин жаңы спикерин шайлоо маселесин кароону көздөп жатышат.
Садыр Жапаровду бекитүү жөнүндө токтом Президенттин Аппаратына келип түшкөн. Белгилей кетсек, мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка кол койбосо дагы, Садыр Жапаров Конституцияга ылайык легитимдүү премьер-министр болуп калат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ