Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин мурдагы башчысы коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына күбө катары чакырылган. Абылгазиев бүгүн, түшкө чейин суракка келиши керек.
Эсиңиздерге сала кетсек, өлкөгө гуманитардык жардам жеткирүү ишине мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дагы тиешеси бар. Ал Бишкектеги СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ