Menu

4-сентябрда Стокгольмдо Каримовага пара берүүгө айыпталгандардын соту башталат

Бөлүшүү:

4-сентябрда Стокгольмдо Telia (TeliaSonera) компаниясынын мурдагы башкаруучуларына козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны башталат. Алар Өзбектандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пара берүүгө айыпталууда.

Өзбекстан прокуратурасы, АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрү тарабынан телекоммуникациялык компаниялардан миллиондогон доллар пара алууга айыпталган Гүлнара Каримова менен анын шериктери швед сотунун отурумуна катышпайт.

Соттук отурумдун алгачкы күнүндө прокурорлор айыптоочу бүтүмдү окушат, айыпталуучулардын адвокаттары ага карата жооп берет.

Андан соң сот тыныгуу жарыялап, жараян 19-21-сентябрда уланат. Бул күндөрү айыпталуучулар – 2003-2007-жылдары Telia компаниясынын каржы директору жана вице-президенти болгон Теро Кивисаари, мурдагы аткаруучу директор Ларс Нюберг жана евразиялык бизнес-багыттын башкы кеңешчиси Ули Туима суралат.

Швециянын Башкы прокуратурасы бул үчөөнү тең Telia компаниясынын Өзбекстанда иштөөсү үчүн Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар пара берген деп айыптоодо.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: