Өмүрбек Текебаевдин кызынын “кыз узатуу” бою өткөн Фрунзе ресторанына 3000 сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы билдирди.
Алардын айтымында, алар Ибраимов Б.Х.нын атына ресторанга байланыштуу протокол түзүшкөн. Бузуулар кодексинин 293-беренесинин “Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын аткарбоо” боюнча иш козгогон. Токтом чыгарышкан.
Эсиңиздерге сала кетсек, 25-октябрда парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевдин кызы турмушка чыгып, кыз узатуу тою Бишкек шаарындагы Фрунзе ресторанында болгон. Тойго 100гө жетпеген конок чакырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ