Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкенде өткөн саммитинде Алмазбек Атамбаевдин артында отуруп, жосунсуз жоруктарды жасаган жигит казакстандык дипломат экени буга чейин маалым болгон. Кечээ, Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идирисов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өз кызматкеринин мындай осол кылыгы үчүн Атамбаевден кечирим сурады.
“Бул жигитти мен жакшы билем, жумушка да өзүм алгам. Ишин мыкты билет. Саммит учурунда камералар тартып жатканын унутуп калса керек. Баардык эле адам адашат да. Ал үчүн аны күнөөлөп, эки элдин мамилесине доо кетире турган сөздөрдү айтуунун кереги жок. Кеткен катачылыктар үчүн кечирим сураймын”, – деди Идирисов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ