Бүгүн, 28-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 538 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 139, Ош шаарынан – 23, Чүй облусунан – 40, Ош облусунан – 52, Талас облусунан – 25, Нарын облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 31, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 125 катталган.
Муну менен жалпысынан 57 276 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 414 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 48 637ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 65, Ош шаары – 41, Чүй облусу – 46, Ош облусу – 76, Талас облусу – 15, Ысык-Көл облусу – 22, Жалал-Абад облусу – 83. Баткен облусу – 62, Нарын облусу – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Бишкек шаарынан – 1, Жалал-Абад облусунан 1 адам каза болду. Жалпы саны 1138ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ