Курсан Асановду колдоо митинги эртең, дүйшөмбү күнү Өкмөт үйүнүн жанында уланат.
Эскерте кетсек, кечээ, 31-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында Курсан Асановдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Асановдун бошотулушун талап кылышкан.
«Биз талаптардан баш тартпайбыз. Курсан Асановдун иш-аракетинде күнөө жок. Эгер бар болсо, анда бизге фактыларды айтсын. Болбосо, бийлик аны бошотушу керек», – деди митингдин уюштуруучуларынын бири.
29-октябрда Бишкек шаардык соту Курсан Асановду эки айга УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырды. Министрдин мурунку орун басары 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктан кийин кармалган. Ал, башка айыпталуучулар сыяктуу эле, башаламандыкты уюштурган деп айыпталууда.
Бул ишке Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбеков дагы катышты. Үй камагына чыгарылган Султанбековдон башкасынын бардыгы азыр камакта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ