Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун өлкөнүн аймактарына жумушчу сапары уланууда.
Бүгүн, 3-ноябрда ал Ошто. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Садыр Жапаровдон эмне үчүн Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамы менен калтыргандыгы суралды.
«Айрым саясий күчтөр Сооронбай Жээнбековго экс-президент статусун алууга каршы болушкан. Мен өз демилгем менен анын макамы жөнүндө жарлыкка кол койдум», – деди Садыр Жапаров.
Ош шаарынын тургундары бул сөздөрдү кол чабуулар менен кабыл алышты.
«Мен экс-президенттин статусу жөнүндө жарлыкка кол койдум. Бул ниет өлкөбүздөгү бийликти тынч жана мыйзамдуу жол менен алмаштыруу максатында ишке ашты. Белгилүү болгондой, бизде экс-президент жок. Экөөнү куудук, бирөөсү камалды, ушул статусунан ажыратты. Экс-президенттин статусу керек жана калыш керек», – деди Садыр Жапаров.
Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда кызматтан кеткен. Ал парламенттик шайлоонун бурмаланышына нааразычылык билдирип митингдеги баш аламандыктан кийин бийликке келген саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматын тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ