Бүгүн, 24-октябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда депутат Кенжебек Бокоев омбудсмен Токон Мамытов алып чыккан “дежур” докладына нааразы болду.
Эл өкүлүнүн айтымында Токон Мамытов алып чыккан докладда акыйкатчы сунуш кылган кеңешмелерди 2016-2017-жылдарда аткарбай койгон ведомстволордун тизмеси жок, ошондой эле докладда саясий туткундар жөнүндө маалымат жок.
“Саясий мотивдер боюнча кылмыш иштерди козгоону укук коргоо органдары улантып келишет. Кайсы негизде? Эмне үчүн омбудсмендин институту эч кандай чара көрбөйт?”-деп эл өкүлү нааразы болду.
“Бул доклад жөн гана “дежур” экен да, биз муну белги үчүн гана кабыл алуубуз керек”-деп билдирди Кенжебек Бокоев.
Аны депутат Жанар Акаев колдоп чыкты. Омбудсмендин институту сунуш кылган кеңешмелерди аткрбаган ведомстволорду кандай жазага таартуу боюнча инструментарий иштеп чыккан эместигин Акаев кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ