Menu

Кара-Сууда каракчылар “ДЭУ Матиздин” айдоочусун тапанча менен коркутуп, 5,5 миллион сомун тартып алышкан

Бөлүшүү:

Кара-Сууда каракчылар “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун тапанча менен коркутуп, 5,5 миллион сомун тартып алышкан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматтар боюнча, 20-октябрда саат 18:30 чамасында “ДЭУ Матиз” унаасынын айдоочусу 1979-жылы туулган М.Н Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Коргон айылындагы Мирвана кафесинен өтүп бара жаткан. Аны “ВАЗ” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу алдынан кесип өтүп, экинчиси артынан тосуп жолдун четине токтотушкан. Медициналык беткап кийген үч белгисиз адам айдоочуга чуркап келип, тапанча менен коркутуп, андан 5 миллион 186 миң сом, 2500 доллар жана 130 миң рубль алып кетишкен. Кол салгандар унааларына отуруп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. 6-ноябрда тинтүү учурунда милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү аныкташкан. Алар Алай районунун 36 жаштагы тургуну И.М. жана Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну Э уулу С. болгон. Алардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: