Menu

Видео – Бишкекте жүк ташуучу унаанын айдоочусу адамды сүзүп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-ноябрда Бишкекте кечки саат 21:00дор чамасында Калык Акиев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жүк ташуучу унаа адамды сүзүп, андан аары унаасын айдап кетип калган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.

“Эркек киши жалгыз жашаарын айтты. Жанында баштыкта көп буюмдары болгон. Менин түшүнүгүм боюнча, анын туугандары жок. Жабырлануучуну тез жардам кызматы алып кетти” – деди окуяга күбө болгон кыз. Ал жабырлануучудан кабатыр болуп, унаа кырсыгынын башка күбөлөрүн издеп жатат.

Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, эркек башынан жаракат алган. Тез жардам аны улуттук госпиталга жеткирген.

Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы маалыматты такташарын билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: