Бишкек шаарынын Ленин районунда кечээ, 16-октябрь күнү саат 21:42де КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары темир конструкциядан жасалган жарнама щитке чыгып, түшө албай калган 2004-жылы туулган Нуржигит Жумаков аттуу баланы түшүрүү үчүн барышкан. Куткаруучулар жерине барышып, баланы түшүрүп, ата-энесине тапшырышкан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ