БШКга КРнын президентинин кызмат ордуна талапкер Урустам Кабылбековдон арыз келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Кабылбеков Урустам Кубанычбекович 1962-жылы 14-февралда туулган. Ал Г.Мерцбахер атындагы коомдук-экологиялык мөңгүлөрдү сактоо “Мөңгү” фондунун президенти.
12-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына КРнын президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ КРнын жарандарынан 18 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, Садык Шер-Нияз).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ